Ден-соолукка оор залал келтирген деген шек менен Ош шаарынын 1999-жылы туулган тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү кылмышка шектүү жаран өзүнүн таанышы, Ош шаарынын тургуну 1995-жылы туулган жаран менен спирт ичимдиктерин ичишкен. Алар эски таарынычтарды эстешип, урушуп кетишкен. Акырында кылмышка шектүү таанышын пластикалык труба менен урган. 25 жаштагы жабырлануучу моюнунан катуу жаракат алган. Ал оор абалда ооруканада жатат.
Милиция кызматкерлери тарабынан 21 жаштагы шектүү кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Чыр банктын биринде чогуу насыяга алган 100 миң сом төлөө маселесинен улам келип чыккандыгы такталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ