Кыргызстандык спортчу Айаал Лазарев Россияда өткөн күрөш боюнча эл аралык турнирде күмүш медалга ээ болду.
Москванын Гран-приси алгачкы жолу 6-8-ноябрда өткөн.
Лазарев эркин күрөш боюнча турнирге 125 кг салмакка чейин катышкан. Бул категорияга жалпысынан 4 спортчу кирген. Кыргызстандык жарым финалда Азербайжандык спортчу Ислам Абуевди жеңип, бирок финалда Россиянын Шамиль Шарипов аттуу балбанына уттуруп койду.
Жыйынтыктыгында Лазарев 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ