Menu

Садыр Жапаров «Жогорку-Нарын ГЭС каскадына» барды

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Жогорку-Нарын ГЭС каскадына» барды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөттөрү аралык келишимге ылайык катталган, бирок кыргыз тараптан келишимдин денонсацияланышына жана анын иштөөсү токтотулгандыгына байланыштуу, 2016-жылдын 9-августунан ушул күнгө дейре  долбоордук-изилдөө жана курулуш-монтаждык иштери токтотулган.

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров вахталык кыштакчанын жана «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коомунун мүлкүнүн абалы менен таанышты, учурда аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, «Электр станциялары» ААК коргоого алган.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Президенттин милдетин аткаруучуга «Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын» учурдагы абалы жана анын тегерегиндеги соттук териштирүүлөр туралуу маалымат берди.

Президенттин милдетин аткаруучу «Жогорку Нарын ГЭС каскадынын» курулушу, ириде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган маанилүү стратегиялык объект экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров энергетикалык объектке байланыштуу сот ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты өз убагында билдирип турууну тапшырып, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: