Menu

Беларуста нааразылык акциясы учурунда 800дөй киши кармалды

Бөлүшүү:

Беларуста милиция Александр Лукашенконун отставкасын жана жаңы шайлоону талап кылган митинг учурунда жүздөгөн кишини кармады.

«Весна» укук коргоо уюму коопсуздук күчтөрү 8-ноябрда Минск, Гомель, Витебск, Жлобин шаарларында 800дөй адамды кармаганын кабарлады. Алардын арасында кеминде алты журналист бар. Кармалгандардын бир бөлүгү кийинчерээк кайра бошотулган. Соцтармактарда тараган видеолордо демонстранттарга күч колдонулганын көрүүгө болот.

Буга чейин Минск полициясы уруксат берилбеген митинг учурунда 10дой киши кармалганын маалымдаган. Журналисттердин эсеби боюнча Беларус борборундагы акцияга бир нече миң киши катышкан.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек.

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү, АКШ жана Украина Лукашенкону легитимдүү президент катары тааныган эмес.

Сентябрь айынын аягында Британия Лукашенко менен анын уулу Викторго жана дагы алты аткаминерге санкция салган. Буга чейин Латвия, Литва жана Эстония Лукашенко баштаган 130 адамды «кара тизмеге» кошкон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: