Өзбекстанда 2021-жылдын 1-июнунан тартып беш жашка чейинки балдарга витаминдер менен микронутриенттер бекер бериле баштайт. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев саламаттык сактоо системасын реформалоого арналган видеоселектордук жыйында билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, мындан тышкары 10 жашка чейинки балдарга мителерге каршы дары-дармектер, 15 жашка чейинкилерге курамында йод бар дарылар берилет.
«Бул дарыларды бекер таратуу тажрыйбасы өзбек финансисттеринин туура эмес сунушу менен токтотулган. Жыйынтыгында анын кесепеттерин дарылоого 10 эсе көп каражат сарпталууда», — деди Мирзиёев.
6-ноябрда кол коюлган жаңы токтомго ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлер аталган дары-дармектер менен витаминдерди кош бойлуу, бала эмизген аялдарга жана балдарга таратышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ