Menu

Ошто 21 жаштагы эки жигит 20 миң сомго азык-түлүк уурдаган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Ош шаарында 6-ноябрда уурулукка шектелип 21 жаштагы эки бала кармалган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 4-ноябрда Шолохов көчөсүнүн 50 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2020-жылдын 27-октябрынан 28-октябрына караган түнү саат 02:30 чамасында белгисиз адамдар Амир Темир кичи районунда жайгашкан дүкөндүн кулпусун талкалап, 20 миң сомго бааланган азык-түлүктү уурдап кетишкендигин билдирген.

6-ноябрда милиция тарабынан Ош шаарынын тургундары 1999-жылы туулган У.М жана Х.М кармалган.

Буга чейин бул экөө Ош шаарындагы дүкөндөрдөн 3 миң сомдон 26 миң сомго чейин уурдаган деп айыпталган. Кармалгандар боюнча 11 факт аныкталды. Х.М мурда үч жолу соттолгон. Азыр кармалгандардын экөө тең убактылуу кармоочу жайда отурушат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: