Бүгүн, 9-ноябрда Бишкекте Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кафенин тосмосун сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Патрулдук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 9-ноябрда саат 13:00дө болгон. “Toyota Advance” унаасынын айдоочусу Элебесов көчөсү менен кетип бара жатып, рулду башкара албай, тротуарга учуп кетип, кафенин тосмосуна урунган. Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок.
Патрулдук милиция унаа айып төлөөчү жайга жеткирилгенин тактады. Бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ