Бүгүн, 9-ноябрда “Мекенчил” партиясынын активисти Бакай Кашкарбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, депутат Өмүрбек Текебаев Финполициянын жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин “кухнясына” конокко барганын айтып, ал жакка чакырылбаганын айтып нааразы болду:
“Өмүрбек Чиркешович, сен камаласың. Сен камалчу адамсың. Сен депутаттык мандатты мыйзамсыз алдың, биринчи ошондон камаласың. Атайын соттор менен “сговорго” кирип, мандатты мыйзамсыз алып алдың. Сен камаласың. Сенин саясий карьераң бүттү. Силер чал болуп бүттүңөр. 2010-жылдан бери кайдыгер мамиле кылбай, 10 жылдын ичинде элдин жашоосун оңдоп койбойт белеңер?! Атамбаев менен “сүзүшкөндөн” башка 10 жыл эмне кылып жүрдүң? Андан башка пайда кылган жоксуң. Бир гана өзүңдүн кызыкчылыгыңды, чөнтөгүңдү ойлодуң, элди ойлогон жоксуң. Элди ойлосоң октябрдагы революция болбойт болчу. Ошого түздөн-түз сен күнөөлүүсүң, Чиркешович”, – деди Бакай Кашкарбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ