Menu

Пашинян, Алиев жана Путин Карабахтагы согушту токтотуу боюнча макулдашышты

Бөлүшүү:

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Россиянын президенти Владимир Путин Тоолуу Карабахтагы согушту токтотууга макул болушту. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Фейсбук баракчасында жарыялады.

«Урматтуу мекендештер, эже-карындаштар жана бир туугандар. Мен жеке өзүм үчүн жана бардыгыбыз үчүн өтө оор чечим кабыл алдым. Мындай чечимди мен аскердик кырдаалды терең талдоонун жана кырдаалга туш болгон адамдардын ыраазычылыгынын натыйжасында кабыл алдым», – деп жазган ал.

Пашинян билдирүүнүн текстин жеке өзү жана жалпы армяндар үчүн “укмуштуудай оор” деп атады. Ал мындай чечимди азыркы кырдаалда эң мыкты чечим деп эсептегендиктен улам кабыл алгандыгын баса белгиледи.

«Мен биздин бардык курмандыктардын алдында тизе бүгөм. Биз аягына чейин күрөштүк. Ошондо биз жеңебиз», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Тоолуу Карабахтын айланасындагы аймактык чыр 27-сентябрда, Азербайжан армян тараптын чагымчыл аракеттерин жарыялап, чабуулга өткөндөн кийин күчөдү. Андан бери тараптар үч жолу ок атышпоо келишимине келишкен, бирок ар бир жолу бул келишимдер сакталбай келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: