Армения парламентинин төрагасы Арарат Мирзоян Ереванда нааразычылык акциясына чыккандар тарабынан токмоктолуп, ооруканага жаткырылды.
“Арарат Мирзоян ооруканага жаткырылды. Анын денесинде жаракат бар. Бактыга жараша, анын өмүрүнө коркунуч жок”, – деп Армениянын премьер-министринин аппаратынын жетекчиси Эдуард Агажанян Facebook баракчасына жазды.
Ал арада Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Фейсбукта түз эфирде Мирзоянга операция жасалып жаткандыгын билдирди.
Белгиленгендей, Ереванда митингчилер Мирзоянды сабашкан. Жалпыга маалымдоо каражаттарына сунушталган видеотасмада спикерди кызматтык унаадан сүйрөп чыгып, токмоктогону жана ал асфальттын үстүндө кансырап жаткандыгы көрүнүп турат.
Азыр бир нече миңдеген адамдар Еревандын ар кайсы райондорунда, анын ичинде Армениянын өкмөтүнүн жана парламентинин имараттарында. Еревандагы нааразычылык акциялары Пашиняндын Карабах маселеси боюнча чечиминен кийин башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ