Menu

Тажикстанда чет өлкөдө окуган студенттер митингге чыгышты

Бөлүшүү:

9-ноябрда чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларда билим алган 20га жакын тажикстандык студент Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) алдына митингге чыгышты. Алар коронавирус пандемиясынан улам окууларына кете албай жаткандыктарын билдирип, бийликтен жардам сурашты.

ТИМдин өкүлү Душанбе тажикстандык студенттердин Орусия аймагына кирүүсүнө уруксат берүү өтүнүчү менен Москвага кайрылганын, азырынча орус бийлиги жооп бере электигин билдирди. «Жооп келсе дароо кабарлайбыз. Азырынча бул маселе орус тараптын кароосунда», — деди мекеменин өкүлү.

Буга чейин чет өлкөдө окуган тажикстандык студенттер өлкөдө аралыктан билим алууга шарттар начар экенин билдиришкен. Алардын айтымында, онлайн окууга негизинен интернеттин жай болушу, баасынын жогору экендиги, ошондой эле электр энергиясын берүүдөгү мүчүлүштүктөр тоскоолдук жаратат.

Бирок өлкө бийлиги студенттердин мындай дооматтарын четке каккан. Өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматынын өкүлү бир нече жыл мурдагыга салыштырмалуу өлкөдө интернеттин ылдамдыгы кыйла жакшырганын айткан.

Расмий маалыматтарга караганда, дүйнөнүн 30 өлкөсүндө окуп жаткан тажикстандык студенттердин саны 34 миңден ашык, алардын 26 миңге жакыны Орусияда. Тажик студенттеринин саны боюнча кийинки орундарда Кытай, Беларус, Казакстан жана Кыргызстан турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: