Menu

Ош базарында бир адамдын башын балка менен чаап кеткен шектүүнү сот үй камагына бошотту

Бөлүшүү:

5-ноябрда Бишкек шаарынын Ош базарында карызын төлөбөй чыр чыгарып, карыз берген адамдын башына балка менен чаап жиберген шектүү жаран 6-ноябрда үй камагына бошотулду. Бул тууралу жабырлануучунун жакындары журналисттерге билдирди.

Алар кылмышка шектүү үй камагына чыгарылганына макул эмес.

Эскерте кетсек, 5-ноябрда милиция кызматкерлери борбор калаанын тургунуна балка менен кол салган деп шектелген адамды кармашкан.

Жабырлануучунун туугандарынын айтымында, кол салуунун курмандыгы оор абалда ооруканада жатат. Ошол эле учурда, шектүү жаран мурда да адамга кол салып кармалгандыгы белгилүү болду.

Ошого карабастан, 6-ноябрда Ленин райондук сотунда шектүү үй камагына бошотулган.

“Биз кылмышка шектүү тарап сураганына карабастан, каршы билдирүү жазган жокпуз. Соттун баш коргоо чарасы менен макул эмеспиз. Биз инибиздин өмүрүнөн коркуп жатабыз. Ал ооруканада жатат. Эгерде шектүү ал жакка келип өлтүрүп салса эмне болот? Биз эмне кылышыбызды билбейбиз. Кылмышкер эркиндикте жүрөт “, – деп билдиришти жабырлануучунун туугандары.

Алардын айтымында, кол салган адам карызын төлөй албай калгандыгына байланыштуу жабырлануучуну балка менен урган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: