Өзбекстандын Юстиция министрлиги 2021-жылдан тартып эмгек мигранттары өзүн иш менен камсыздагандардын катарына кошулуп жаткандыктан, салык төлөөгө милдеттүү болуп калары тууралуу билдирүүлөрдү четке какты.
«Салык кодексинин 369-беренесине ылайык, өзүн иш менен камсыз кылган адамдар киреше салыгын төлөөдөн бошотулган. Алар пенсия жана эмгек стажы үчүн өз каалоосу менен Пенсиялык фондго социалдык салык төлөсө болот», — деп билдирди мекеменин өкүлү.
Президент Шавкат Мирзиёев кол койгон токтомго ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып чет өлкөлөрдө иштеген жарандар өзүн иш менен камсыздаган адамдардын катарына кошулат.
Бул маалымат коомчулукка жарыялангандан кийин социалдык түйүндөрдө сыртта иштеп жүргөн өзбекстандыктар салык төлөй тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр тарай баштаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ