Menu

Экс-министр Космосбек Чолпонбаевге жүрөккө операция жасатуу керек. Ал операциясына акча издеп жатат

Бөлүшүү:

Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жүрөк тамырларын текшерүүдөн өткөрдү. Ага операция кылыш керек. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мурунку Саламаттыкты сактоо министри коронардык ангиографиядан өткөн. Буга чейин ал өткөн эмес, анткени Чолпонбаевдин кан кетүү коркунучу жогорулаган.

“Ага операция жасатуу керек. Бул бекер эмес. Эгерде ал каржы маселесин бүгүн же эртең чечпесе, биз аны кайра жөнөтөбүз. Чолпонбаев каржы маселесин шейшемби күнгө чейин чечем деди. Бирок бүгүн иш эмес күн, эгер ал эртең чечпесе, анда аны тергөө абагына кайтарууга аргасыз болобуз”, – деди Сарыбаев.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго Чолпонбаевдин ден-соолугу кескин начарлап, өмүрүнө коркунуч келтирип жатат деген сигнал түшкөн. Ал ооруканага жаткырылган.

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Космосбек Чолпонбаев 15-сентябрда кармалган. Экс-министр 15-ноябрга чейин Бишкектеги СИЗОго отургузулган. Ага шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: