Facebook социалдык тармагында милиция кызматкеринин жерде жаткан сүрөтү жарыяланды.
Facebook колдонуучу сүрөт кечээ борбор калаанын Асанбай сейил багында таңкы саат 08:10дө тартылгандыгын, милиция кызматкери мас абалында болгонун жазган.
Октябрь райондук ички иштер бөлүмү журналисттерге социалдык тармакта жарыяланган сүрөт боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Сүрөт кайда жана качан тартылгандыгын милиция аныктайт.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ