Menu

Казакстан Pfizer жана BioNTech компанияларынын вакцинасын сатып алуу маселесин караштырууда

Бөлүшүү:

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык комитеттин жетекчи орун басары Нурлыбек Асылбеков COVID-19га каршы Pfizer жана BioNTech компаниялары биргелешип иштеп чыккан вакцинаны сатып алуу боюнча пикирин билдирди.

Буга чейин аталган компаниялар алардын вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычында 90% натыйжалуу экенин көрсөткөнүн билдиришкен.

«Бул маалымат кечээ эле пайда болду, биз да ЖМКлардан уктук. Саламаттык сактоо министрлиги тез арада бул маселени кароого киришет. Буга комплекстүү кароо керек, азыр ата мекендик, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн вакциналары бар. Аталган вакцина каттоодон өткөндөн кийин бул багытта Pfizer компаниясы менен иштешебиз», — деди Асылбеков 10-ноябрдагы брифингде.

9-ноябрда америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары биргелешип чыгарган COVID-19га каршы вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычында 90% натыйжалуу экенин көрсөткөнүн билдиришкен. Сыноого 43,5 миңдей ыктыярчы катышып, аларга вакцина жана анын плацебосу сайылган. Катышуучулардын арасынан коронавируска 94 гана адам чалдыккан.

Компаниялар 2020-жылы 50 миллион доза, ал эми 2021-жылы бир миллиарддан ашык доза чыгарары божомолдонууда.

Коронавируска каршы вакцинанын сыноосу ийгиликтүү аяктаганы жарыялангандан кийин дүйнөдө мунайдын баасы кескин кымбаттады. «Pfizer» компаниясынын акциялары 14% көтөрүлдү.

Сентябрда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нур-Султан вакцинасы алгачкылардан болуп сертификациядан өтүп, массалык түрдө өндүрүлө баштаган кайсы гана өлкө болбосун келишим түзүүгө даяр экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: