Россия 2019-жылдын декабрь айында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгектендери пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 10-ноябрда Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Facebook баракчасына жарыялады.
Келишим ЕАЭБдин бардык мамлекеттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет. Россия, Кыргызстан, Беларуссия, Армения буга чейин бул жолдон өтүшкөн.
“Макулдашуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилеринин пенсияны өз мекенинде иштеген мезгилинде гана эмес, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде иштеген мезгилинде алуу укугун камсыз кылат. Ошол эле учурда, жарандардын пенсиялык укуктарын калыптандыруу жана аларга пенсия дайындоо ошол мамлекеттин жарандары үчүн каралган шарттар менен бирдей болот“, – деп айтылат билдирүүдө.
Эмгектенип жүргөн адамдар пенсиясын ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринен (өзүнө ыңгайлуусунан) ала алышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ