Menu

АКШнын башкы прокурору шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү текшерүүгө буйрук берди

Бөлүшүү:

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр федералдык прокурорлорго президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу билдирүүлөр боюнча тергөө баштоого укук берди. Бул тууралуу «Америка үнү» радиосу билдирди.

Маалыматка караганда, ошол эле маалда башкы прокурор аймактардагы кесиптештерин «ойдон чыгарылган же апыртылган» билдирүүлөрдүн артынан түшпөөгө чакырды.

Шайлоодо мыйзам бузуулар жана бурмалоолор болгонун президент Дональд Трамптын тарапташтары айтып чыгышкан. Алар Демократиялык партиянын талапкери Жо Байдендин жеңишин тааныбай тургандыктарын билдиришүүдө.

Күн мурун Трамптын шайлоо штабы жергиликтүү бийликтин Пенсильванияда Байденди жеңүүчү деп таануусуна тоскоолдук кылуу максатында федералдык сотко арыз менен кайрылган. Арызда Пенсильванияда почта аркылуу добуш берүү системасында «ачыктык болбогону» жазылган. Демократтар бул дооматтар негизсиз экенин билдиришти.

Трамптын шайлоо штабы жана республикачылар Байден аз гана добуш артыкчылык менен жеңишке жеткен башка штаттарда да сотко кайрылышкан. Бир катар штаттардын соттору айрым арыздарды четке кагышты. Трамп «Твиттердеги» баракчасына командасынын юристтери көрүп жаткан аракеттер жөнүндө жазып, бирок айтылып жаткан мыйзам бузуулар тууралуу конкреттүү далилдерди келтире элек.

АКШда борбордук шайлоо комиссиясы жок, добуш берүүнүн жыйынтыктарын ар бир штат өз алдынча чыгарат. Алар шайлоочулар коллегиясы расмий түрдө жаңы президентти тандагандан кийин 14-декабрга чейин талапкерлердин бирин жеңүүчү деп жарыялашат.

Болжолдуу жыйынтыктарга ылайык, Байден шайлоочулар коллегиясынын кеминде 279унун добушун алды. Бул анын президент болуп шайлануусуна жетиштүү болот.

Трамп жаңы президенттин инаугурациясына чейин мамлекет башчы бойдон калат. Ант берүү аземи 20-январга белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: