Menu

Видео – Көптөн күткөн кыз. Америкалык үй-бүлө 14 уулдан кийин кыздуу болушту

Бөлүшүү:

Америкалык үй-бүлө көптөн күткөн кыздуу болушту. Бул тууралуу “Lad Bible” басылмасы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул үй-бүлөнүн 14 эркек баласы бар болчу. Алар көптөн бери кыздуу болууну кыялданып келишкен. Эми алардын кыялы ишке ашып, үй-бүлө кыздуу болуп отурушат. 14 агасы бар ымыркайга Мэгги Джейн деп ысым коюшкан. Атасы бул 2020-жылдагы эң чоң белек болгонун айткан.

«Ата-энем акыры кичинекей кыздуу болушту. Апамдын кызгылт түстөгү кийимдери бар-жогун деле билбейм», – деди эң уулу баласы 28 жаштагы Тайлер.

Джей менен Кэтри Швандт орто мектепте таанышып, 1993-жылы баш кошушкан. Окуусун аяктагандан кийин, алар ушунча балалуу болушкан. Азыркы учурда үй-бүлөнүн кубанычында чек жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: