Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери аларга баш ийбей зулумдук көрсөткөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-ноябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Юнисалиев көчөсүндө жол эрежесин бузган “Mitsubishi Delica” үлгүсүндөгү авто унааны токтотушкан. Бирок авто унаанын айдоочусу кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, кызматкерлердин бирин авто унаасы менен бир нече аралыка чейин түртүп барып, андан ары из жашырып кеткен.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүп, жыйынтыгында “Mitsubishi Delica” үлгүсүндөгү авто унаанын 1989-жылы туулган Н. Д аттуу айдоочусу кармалып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 355-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ