Menu

Мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салып, кинотеатрларды ачууну сунуштады

Бөлүшүү:

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуунун алкагында Жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салуу керек. Мындай сунушту Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев киргизди.

Ал тойканада адамдар кеминде беш саат отурушуп, бири-бирине инфекция жугузуп алышы мүмкүн экенинен аны жабууну каалап жатышканын түшүндүрдү. Ушундай эле абал компьютердик клубдарда дагы бар.

«Коронавирусту жуктуруп алгыңар келсе, тойканага баргыла, балдарыңарды компьютердик клубдарга жибергиле. Дагы эмне дей алабыз? Ошондуктан, жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салуу сунушу менен өкмөткө кайрылам. Биринчи кезекте, бул мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү. Бишкекте мындай иш-чараларга тыюу салабыз. Ушундай кыйын учурда, майрамдоону токтотолу”, – деди Балбак Түлөбаев.

Ал ошондой эде, фудкортторду жана кинотеатрларды бардык коопсуздук чараларын сактоо шартында ачууну сунуштады. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: