Menu

Видео – ШКУнун жыйынынын жүрүшүндө Владимир Путин Садыр Жапаровдун аты-жөнүн атайылап айтпай койдубу?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-ноябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отуруму болуп, ал видеоконференция форматында өттү.

Онлайн жолугушуунун модератору Россиянын президенти Владимир Путин болду. Ал кириш сөздү жана жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, андан кийин төрагалыкты Тажикстанга өткөрүп берди.

Мындан тышкары, Россиянын президенти ар бир катышуучусуна сөз берип, аларды тааныштырып, сүйлөп бүткөндөн кийин ыраазычылык билдирди.

Социалдык тармактарда  Кыргызстандын президентинин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров сүйлөп бүткөндөн кийинки видеотасманын кичинекей үзүндүсү кеңири тарап жатат. Анда көпчүлүк Владимир Путин атайылап Садыр Жапаровду фамилиясынан айтпай, ал ээлеген кызматын гана атаганын баса белгилешет.

Видеоконференциянын толук версиясында Путин сөз берерден мурун Садыр Жапаровду аты-жөнүнөн атаган (кагаздан окуп берген).

Владимир Путин ошондой эле Кытайдын, Индиянын жана Пакистандын лидерлерине аты-жөнүнөн кайрылбай, алардын ээлеген кызматын гана баса белгилейт. Ал эми Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн президенттерине аты-жөнү менен кайрылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: