Menu

Орусия Муфтияты: мусулмандар башка дин өкүлдөрү, анын ичинде христиандар жана иудейлер менен Орусия аймагында никеге турууга болбойт

Бөлүшүү:

Орусия Мусулмандар дин башкармалыгы башка диндин өкүлдөрү менен никеге туруу мүмкүн эместиги жөнүндө теологиялык кортунду чыгарды.

“Конфессия аралык, анын ичинде христиандар жана иудейлер менен Орусия аймагында никеге турууга болбойт. Айрым учурларда гана жергиликтүү муфтийдин чечими менен бардык учурларды эске алып, уруксат берилиши мүмкүн “, – деп белгиленген документте.

Дин ишмерлеринин айтымында, башка диндеги кыз бир гана кудай бар экенин мойнуна алып, Ыйса менен Мухаммедди кудайдын жердеги элчилери катары кабылдап, Курандын шарттарын аткарууга макул болсо гана мусулман менен баш кошо алат.

Орусия Муфтияты дагы бир фатвасында нике кыюу жөрөлгөсүнө милдеттүү түрдө кыздын мыйзамдуу опекундары жана күбөлөр катышуусу керек экенин белгилеген.

Документте мындай чечим үй-бүлө курууда мусулманды жоопкерчиликке чакырган баалуулуктарды сактап калуу максатында кабыл алынганы жазылган. Опекундар жөнсүз себептерде улам никеге тоскоол болбошу керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: