Menu

УКМК: 30 000 сом пара алып жаткан жеринен КР ИИМ кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

9-ноябрда КР УКМК ККК ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 30 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатканда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери А.Б. кармалды.

Кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: