Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери КРнын аймагынан тышкары мыйзамсыз миграцияны уюштургандарды аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жумушка орноштурган жеке компаниялардын биринин кызматкерлери өлкөдөн тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна уруксаты жок болуп туруп Перс булуңундагы өлкөлөргө мыйзамсыз чыгуулары боюнча кызмат көрсөтүп келишкен.
Аталган факты КЖБРге КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, жумушка орноштуруу боюнча агенттиктин жетекчиси Ж.А. шектелгендиги жөнүндө кабарлама берилген. Жакынкы арада топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ