Menu

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы кылмыш иши боюнча айыпталуучуларды камактан бошотууну суранат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таштагы окуялар боюнча сот отуруму уланууда. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди.

Азыркы учурда сот кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасын узартууну карап жатат. Мамлекеттик айыптоо депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Кундуз Жолдубаевадан башкасынын бардыгын камакта калтырууну суранат. Мындан тышкары, прокурорлор Равшан Жээнбеков менен Мээрбек Мискенбаевдин убактылуу кармоочу жайга киргизилишин суранышат. Эскерте кетсек, буга чейин алар үй камагына чыгарылган.

Отурумдун жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев “Альфа” атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн кызматкери Үсөнбек Ниязбековду чындыгында ким өлтүргөнүн убакыт көрсөтөт деди.

“Мен отурам. Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду бошоткула. Мага Батукаевдин иши жана Кой-Таштагы окуялар боюнча чындык кызыктырат. Жигиттер мага чыккынчылык кылбаганы үчүн гана отурушат. Менин сотко бир өтүнүчүм бар. Мени камакта калтырыңыз, ансыз деле мага 11 жыл эркинен ажыратуу жазасы берилген”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаев үч кылмыш иши: Кой-Таштагы окуялар, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ошондой эле мыйзамсыз баюу иши боюнча өтүп жатат. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ал УКМКнын абагынан бошотулуп, бирок 10-октябрда кайрадан кармалып камалган.

Кой-Таштагы иш боюнча айыпталуучулар – депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДП партиясынын мүчөлөрү, экс-депутат Равшан Жээнбеков, ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: