Menu

ЕАЭБтин бажы аймагынан мыйзамсыз чыгарылып бараткан наркы 5 млн сомго чукул товар кармалды

Бөлүшүү:

ЕАЭБтин бажы аймагынан мыйзамсыз чыгарылып бараткан наркы 5 миллион сомго чукул товар Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына/аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Кызыл-Кыя” өткөрмө пунктунда “А. уулу А” аттуу КРнын жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда декларацияланбаган жалпы салмагы 12198,8 кг. болгон турмуш-тиричилик техникаларынын түрлөрү, ич кийимдер жана тамак аш продукциялары табылган.

Кармалган товардын жалпы наркы 4740358 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: