Menu

Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанына гепатит менен ооругандар митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанында митинг өтүп жатат. Бул жерге гепатит менен ооруган 15 чакты адам чогулган.

Алар дары-дармектер көп бейтаптарга жеткиликтүү эмес деп эсептешет жана бааны жөндөөнү суранып жатышат.

Жарандардын айтымында, Бишкекте таңгагы 3000 сом турган дары-дармектер аймактарда 6000 сомдон сатылууда. Алар Аида Исмаилова Индиядан дары-дармектерди 3 долларга убада кылганын, бирок бул дары-дармек сертификациядан өтпөгөнүн айтышты.

Ошондуктан, чогулгандар мындай дары-дармектерди арзан баада сатып алуу үчүн, Кыргызстанда сатууга уруксат берилишин талап кылышууда.

Ошондой эле чогулгандар жеке медициналык клиникалардын санитардык-эпидемиялык стандарттарга шайкештигин текшерүүгө мораторийди алып салууну талап кылышууда. Жарандар мындай клиникаларда гепатитти жуктуруп алуу оңой, анткени инструмент жакшы тазаланбай жатат деп эсептешет. Алар колдоруна “Гепатитке жол жок” деген жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан.

Митингге чыккандардын талаптарын угуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратына чакырылды.

Талкууда Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык департаментинин бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов сөз сүйлөдү.

“Биз дары-дармектин баасы боюнча көрсөтмөлөрдү беребиз. Азыр өкмөттүн аппараты тарабынан дары-дармектердин баасы бирдей деңгээлде болушу үчүн протокол иштелип жатат. Эгер Бишкекте аспирин 3 сом болсо, Нарында дагы 3 сом болот”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: