Белоруссиянын, Кыргызстандын жана Молдованын ички иштерине кийлигишүү жол берилбейт. Бул тууралуу кечээ, 10-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путин Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде видео байланыш аркылуу сүйлөп жатып билдирди.
“Биз сырттан келгендердин Беларуссия элине кандайдыр бир чечимдерди таңуулашына жол берилбейт деп эсептейбиз”, – деди Путин.
Ал ошондой эле Беларуссиянын жашоочуларына тынчтанып, кырдаалды жөнгө салуу үчүн керектүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек деп кошумчалады.
“Ушул нерсе Кыргызстандагы акыркы окуяларга жана Молдовада болуп жаткан ички саясий күрөшкө толугу менен тиешелүү”, – деди Путин.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ