Menu

Нур-Султанда маркум активист Дулат Агадилдин уулу бычакталды

Бөлүшүү:

Нур-Султанда 11-ноябрга караган түнү маркум жарандык активист Дулат Агадилдин 17 жаштагы уулу Жанболат Агадилов бычактан алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шейшемби күнү түнкү саат 11лерде полицияга Көктал кичи районунда «массалык мушташ» болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган тартип сакчылары «өспүрүм балдардын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка айланганын» аныкташкан.

«Жыйынтыгында эки өспүрүм жабыркаган. Алардын бирөө, 17 жаштагы Агадилов бычактан жаракат алып, тез жардам кызматы келгенче каза болуп калды», — деп жазылган департаменттин билдирүүсүндө.

Полиция бул окуяга байланыштуу «Адам өлтүрүү» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча тергөө иштерин баштады.

RFE/RL радиосунун казак кызматы өз булактарына таянып, шектүү катары бир киши кармалып, дагы экөө изделип жатканын кабарлады. Азырынча топтошкон өспүрүмдөрдүн ортосундагы жаңжалдын чыгышына эмне себеп болгону белгисиз.

Жарандык активист Дулат Агадил быйыл 24-февралда кармалып, эртеси Нур-Султандагы тергөө абагында каза болгон. 25-февралда ал Европарламенттин депутаттары менен жолукмак. Казакстандагы бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана активисттер Агадилдин өз ажалынан өлгөнүнөн күмөн санап, бийликтен бул ишти ачык жана адилеттүү тергөөнү талап кылышкан. Ушундай эле чакырыкты АКШнын Мамлекеттик департаменти, Улуу Британиянын Казакстандагы элчилиги, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу жасаган.

28-майда Нур-Султан шаардык соту Дулат Агадилдин өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулганын билдирген. Атайын комиссия жарандык активисттин денесинде тактар болгон эмес деген корутунду чыгарган. Агадилдин туугандары буга макул болбой, прокуратурага кайра арыз менен кайрылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: