Кримавторитет Камчы Көлбаевди №47 колонияда ыр-күүлөр менен тосуп алышты. Видеотасма социалдык тармактарга жарыяланды.
Белгиленгендей, палоо, боорсок бышырылып, абактагыларга дасторкон жайылган. Жолугушуу колониянын аймагында жайгашкан стадиондо өттү.
Абактагылардын бири Алла Пугачёванын “Миллион алых роз” аттуу ырын аткарган.
Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев 21-октябрда “Авангард” спорт клубунда, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен кармалган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин криминалдык авторитет УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Камчы Көлбаев ден-соолугуна байланыштуу 2-ноябрда №47 колонияга которулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ