Menu

Финансы полициясы мамлекеттик бюджетке 280 миллиондон ашык суммадагы дагы бир жолу өндүрүү кылды

Бөлүшүү:

КРнын Финансы полициясы “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” КРнын Мыйзамынан, өлкө жетекчилигинин Жарлыктарынан, КРнын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринен келип чыккан талаптарга ылайык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “А.К.” ЖЧК карата мамлекеттин бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча ушул жылдын октябрь айында 281 миллиондон көп сом өндүрүлгөн.

Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоо жана экономикалык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: