Menu

Түркмөнстанда кризис учурунда кан донору болуу үчүн кезекке тургандар көбөйдү

Бөлүшүү:

Соңку кездерде Түркмөнстанда кан тапшыруу үчүн кезекке тургандар көбөйүүдө. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул кишилер кандын ар бир граммы үчүн мамлекеттен 2 манат жана канга муктаждардын жакындарынан дагы 2 манаттан алышат.

“Канын саткан кишилердин дээрлик баарынын жумушу жок. Алар азык-түлүк сатып алып, үй-бүлөсүн багыш үчүн кан тапшырышууда”, – деди RFE/RL радиосунун түркмөн кызматынын Лебап облусундагы кабарчысы.

Өзүн Эркин деп тааныштырган Фарап районунун тургуну акыркы айларда кан тапшырып 3000 манат акча тапканын билдирди.

“Мен үч жолу 250 граммдан кан тапшырдым. Ар биринде 1000 манат таптым. Бул акчага үй-бүлөмө керектүү азык-түлүк сатып алдым”- деди Эркин.

Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар.

Акыркы жылдары Түркмөнстанда экономикалык каатчылык күч алып, азык-түлүк тартыш болууда. Пандемияга байланыштуу чек аралар жабылып, өлкөдөгү абал ого бетер кыйындады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: