“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин жолугушуусуна башкы директор Дамир Моңолдоров чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда мамлекеттик ишкананын кызматкерлери журналисттерге билдиришти.
Алардын айтымында, жетекчилик кызматкерлердин көйгөйлөрүн чечип берүүнү жана компаниянын структурасында люстрация жүргүзүүнү убада кылды.
«Бизге жок дегенде 31-ноябрга чейин күтүү керек, андан кийин жылыштар болот деп айтышты. Күтөбүз», – дешти алар.
Белгилей кетсек, бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте почта кызматкерлеринин нааразылык акциясы өттү. Маалыматка ылайык, 25тей кызматкер маянасынын аздыгына арызданып жатышат. Акциянын катышуучулары коронавирус пандемиясынан кийин ай сайын төлөнүүчү сый акыны алып салышканын, маяна 5-7 миң сомдун тегерегинде экенин билдирип, бул акчага азыркы шартта жашоо мүмкүн эмес экенин белгилешкен. Алар айлыктарын 50 пайызга көтөрүүнү талап кылышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ