Мордовияда Кыргызстандын жаранын өлтүрүү фактысы боюнча иликтөөнү Россиянын Федерациясындагы КРнын элчилиги көзөмөлгө алды. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, кайым-айтышуу учурунда 33 жаштагы жергиликтүү тургун 56 жаштагы кыргызстандыктын бетине урган. Жабырлануучу тез жардам кызматы келгенге чейин көз жумган.
Шектүү окуяга тиешеси бар экендигин четке какпайт. Кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатат ошондой эле тергөө иштери уланууда.
Окуянын чоо-жайы: Бул окуя эт комбинатында 6-ноябрга караган түнү болгон. Жумуш мөөнөтү алмашуу учурунда кызматкерлердин ортосунда чыр чыгып, натыйжада Торбеева кыштагынын 33 жаштагы тургуну кыргыз жаранын муштаган. Жабырлануучу бутунда тура албай, жерге жыгылып, алган жаракатынан улам көз жумган. Бул факт боюнча “Ден-соолукка атайылап оор залал келтирүү, натыйжада, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Маалыматка ылайык, бул эт комбинатында 1600дөн ашуун адам иштейт, анын 50ү чет элдиктер.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ