Санкт-Петербургдун Петроградский районундагы мушташтын натыйжасында бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 11-ноябрга караган түнү болгон. Курулуш объектилеринин бириндеги вагондо жумушчулар алкоголдук ичимдиктерди ичип жатышкан. Алардын ортосунда чыр чыгып, натыйжада 42 жаштагы Кыргызстандын жараны 53 жаштагы жердешин сабап салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болуп, кол салган адам качып кеткен.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылып, шектүү кармалган. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ