Чүй облусунун Москва районунун экс-акими Азамат Эсенбеков БШКга президенттик шайлоого катышуу жөнүндө билдирүү тапшырды.
Ал 2018-жылы Москва районун жетектеген. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык кызматтан алынган. “Альфа Телеком” компаниясында иштеген. Учурда Азамат Эсенбенков 36 жашта.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоого катышуу жөнүндө билдирүүлөрдү БШКга 15 талапкер берген.
Алар:
– Адахан Мадумаров,
– Арстан Алай,
– Кубан Чороев,
– Назарбек Нышанов,
– Бектур Асанов,
– Бакыт Бакетаев,
– Канат Исаев,
– Абдыкаар Сыдыков,
– Сазыкбай Турдумалиев,
– Нурлан Мотуев,
– Рашид Тагаев,
– Женишбек Байгуттиев,
– Клара Сооронкулова
– Аймен Касенов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ