Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы №47 колонияда жаза өтөгөндөр кримавторитет Камчы Көлбаевди салтанаттуу тосуп алшыты делген виеотасма түшүндүрмө берди.
Алардын айтымында, видеотасма 5-ноябрда тартылган. Ал күнү колонияда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн.
“Ошол күнү мекеменин администрациясы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн майрамдоо күнүнө карата пландаштырылган спорттук иш-чараларды уюштурду, атап айтканда кичи футбол боюнча мелдеш, ошондой эле түшкү тамактанууга дасторкон жайылган, анын жүрүшүндө спорттук иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылган, ошондой эле куран окулган” – деп айтылат маалыматта.
Видеону тартуу фактысы боюнча мекеменин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери тинтүү жүргүзүшүп, 10 жылга эркинен ажыратылган 1996-жылы туулган А.Н.га таандык уюлдук телефонду таап, тартып алышкан.
Иш-чараны видеого тартып алган А.Н, бир айга камакка алынды.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери уюлдук телефондун колдонулушуна жол берген кызматкерлерге карата текшерүү жүргүзүшөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ