“Мен алдыдагы президенттик шайлоого катышам. Шайлоочу болуп катышамбы, шайлануучу болуп катышамбы, талапкер катары ат салышамбы же бир кайсы талапкер менен саяпкер катары кызматташамбы, тандем менен же мандем менен барамбы, үмүт менен чыгамбы же үгүт менен чыгамбы, аны 3 күндөн кийин айтам. Анткени, азыркы күндө саясаттагы санаалаштар менен, такталган талапкерлер менен сүйлөшүп жатабыз. Бирок, атуул катары президенттик шайлоого катышам. Бирок кандай деңгээлде катышаарымды 3 күндөн кийин угасыздар” – деди ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ