Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары Сагынбек Абдылдаев кызматынан алынды. Бул тууралуу маалыматты аталган ведомстводон журналисттерге тастыкташты.
Такталгандай, Абдылдаев премьер-министрдин буйругу менен кызматтан алынып, анын ордуна Бакытбек Гайназаров дайындалды. Буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Сагынбек Абдылдаев 1969-жылы 26-январда туулган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басарлы кызматына 2018-жылы дайындалган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ