Menu

КРнын Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясы аркылуу калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча ишти жандандырды

Бөлүшүү:

КРнын Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясы аркылуу калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча ишти жандандырды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда КР Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактык мамлекеттик органдардын адистеринен түзүлгөн мобилдик топтор 12 – ноябрдан баштап Чүй облусунун жана 13-ноябрынан баштап Ош обласунун калктуу конуштарына барышат.

Бир күндүн ичинде “Тилектештик автобусу” эки калктуу конушту камтыйт. Адистер менен болгон калктын жолугушуулары өлкөдө коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу баардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен айыл өкмөтүнүн базасында жүргүзүлөт.

Жарандар жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик, жер укуктары боюнча, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын ж. б. укуктук маселелери боюнча акысыз консультацияларды ала алышат.

Чүй облусу боюнча “Тилектештик автобусу” чыгуу графиги менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://minjust.gov.kg/ru/content/1470

Ош облусу боюнча “Тилектештик автобусу” чыгуу графиги менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://minjust.gov.kg/ru/content/1471.

Белгилей кетсек, буга чейин Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан БУУӨПдун “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине туруктуу жеткиликтүүлүк” долбоорунун алкагында “Nissan Urvan” маркасындагы эки кичи автобус Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: