Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Маалымат жыйынына 86 республикалык жана чет өлкөлүк ЖМКдан 148 журналист катталды.
Маалымат жыйыны Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана башка республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ