Menu

Фото – Пара алган прокурордун кармалышы боюнча УКМК маалымат таратты

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-ноябрда УКМКнын кызматкерлери Аламүдүн районунун прокурорунун орун басары Акылбек Мойдуновду пара алып жаткан жеринен кармашты. Бүгүн, 12-ноябрда УКМКнын басма сөз кыматы атайын операциянын чоо-жайын тууралуу маалымат таратты.

Көзөмөлдөө органдарындагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасында системалык коррупция фактылары жөнүндө маалыматтарды алган.

Бул факты боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Аламүдүн районунун прокуратурасынын жетекчилиги тергөө бөлүмдөрү менен тымызын сүйлөшүп алып, туруктуу негизде тигил же бул процесстик чечимдерди кабыл алуу үчүн кылмыш иши козголгон адамдардан акча талап кылып, акча алып турушкандыгы аныкталды.

Кечээ күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Аламүдүн районунун прокурору Эдил Стакеев жана анын орун басары Акылбек Мойдунов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: