Menu

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020–жылдын 10 айында 119178 телефондон кайрылуу же бир суткада орточо 390 чалуу түшкөн

Бөлүшүү:

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020–жылдын 10 айында 119178 телефондон кайрылуу же бир суткада орточо 390 чалуу түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен 4731 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 884 же 18,7% жаш балдардан, ал эми 3847 же 81,3% чоң адамдардан). Анын ичинен 3800 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 521 абонентке психологиялык консультация берилди, 410 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

4731 чалуунун  ичинен эркектерден – 1087 (же 22,9%), аялдардан – 3644 (же 77,1%), балдардан– 884: анын ичинен эркек балдардан – 260 (же 29,4%), кыздардан- 624 (же 70,6 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 1199;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 1080;

– социалдык жардам сурап – 492;

– психологиялык жабырлануудан – 396;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 234;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 241;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 228;

– ар кандай суроолор менен – 200;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 178;

– медициналык камсыздоо боюнча – 163;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО        кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 107;

– билим берүү системасы боюнча – 101;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу- 91;

– суицид боюнча – 17;

– мектептеги рэкет тууралуу – 4.

114447 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып, аларга тиешелүү колдоолор көрсөтүлгөн. Ошондой эле, борбордун психологдору тарабынан абоненттерге консультация жана сунуштар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: