Menu

Кыргызстанда дагы 527 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 5 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 527 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 108, Ош шаарынан – 51, Чүй облусунан – 97, Ош облусунан – 36, Талас облусунан – 15, Ысык-Көл облусунан – 59, Жалал-Абад облусунан – 105, Баткен облусунан – 49, Нарын облусунан – 7 катталган. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 64 887 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 518 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 55 824кө жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 95, Ош шаарынан – 20, Чүй облусунан – 38, Ош облусунан – 69, Ысык-Көл облусунан – 59, Жалал-Абад облусунан – 108, Баткен облусунан – 104, Нарын облусунан – 4.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 адам: Бишкек шаарынан – 1, Чүй облусунан – 1, Баткен облусунан – 3 каза болду. Жалпы саны 1193кө жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: