Menu

Майлуу-Суу милициясы мектеп окуучулары менен жолугушту

Бөлүшүү:

Майлуу-Суу милициясы мектеп окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-ноябрдан тарта Майлуу-Суу шаарындагы айрым класстардын окуучулары үчүн сабактар мектептен жүргүзүлө баштаган. Буга байланыштуу Майлуу-Суу милициясы тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө багытында жумуш алып барышкан.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жеке гигиеналык эрежелерди сактоо зарылдыгы эскертилген.

Азыркы учурдагы абал туура багытта жеткирилип, жугуштуу илдеттин алдын алууда ар бир жаран кайдыгер карабоо, медициналык каражаттарды ар дайым колдонуу керектиги айтылган.

Ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы укук бузуучулукту болтурбоо багытында окуучулар менен маектешүүлөр орун алып, анын алдын алуу жолдору талкууланган. Милиция кызматкерлери окуучуларды татыктуу билим жана тарбия алууга чакырышып, терс жолдорго баспоого, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө келечекте салым кошууга үндөшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: