Menu

Өмүрбек Текебаев: “Садыр Жапаров расмий түрдө президенттик кызматтан кеттиби же жокпу?”

Бөлүшүү:

Кечээ ММКлар Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарбайт, анткени ал президенттик шайлоого катышып жатат деп жазып чыгышкан. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 12-ноябрда парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.

Эгерде Садыр Жапаровду милдетти аткарбайм деп чечсе, кагаз жүзүндө документ болушу керек. Андан кийин кимге тапшырабыз деп эки жакты карап, төрага экен деп, мыйзамдуу түрдө кабыл алуу керек. Эл дагы бийликтин өткөрүлүп берилишин көрүшү керек. Өлкөнү сыйласак, анан эл мыйзамды сыйлайт. Мындай мамиле кылган туура эмес. Өлкө бир дагы мүнөт башчысыз калбашы керек. Күн тартибиндеги 20 маселени карап, муну 21-маселе кылып коёбузбу? ” – деди ал төрагага кайрылып.

Спикер Талант Мамытов бардык маселенин процедурасы бар экендигин айтты.

“Демек азырынча президент өзүнүн милдетин тапшыра элек? Бул тууралуу басма сөз кызматынан уктук. Ал расмий билдирүү жасайбы же жокпу? Бизди ким башкарат – президентпи же пресс-катчыбы?” – деп сурады депутат.

Мамытов Садыр Жапаров бүгүн маалымат жыйынында тийиштүү билдирүү жасайт деген оюн айтты.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Конституциянын 68-беренесинде “Эгерде президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырса, анда анын ыйгарым укуктары спикерге өткөрүлүп берилет, эгерде ал аткара албаса, анда … Баары Конституцияда так жазылган”, -деди ал.

Талант Мамытов бир аз убакыт сурап, “баары мыйзам чегинде каралат” деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: