Menu

2020-жылдын 1-октябрына карата 6598 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жеке жүрүүчү каражаттар, протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз болгон

Бөлүшүү:

2020-жылдын 1-октябрына карата 6598 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам (ДМЧА) жеке жүрүүчү каражаттар, протездик-ортопедиялык буюмдар жана башка керектүү каражаттар менен камсыз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик ортопедиялык бут кийимдердин сырткы түзүлүшүн жакшыртуу, протездик буюмдардын жаңы технологиясы өздөштүрүлүп жана колдонулуп жаткандыгын белгилейт.       

Майыптык кресло-коляскасы менен 1870 ден-соолгунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам камсыз болгон, алардан ДМЧ балдар – 924.

Санатордук-курортук жолдомолор 3521 ДМЧА берилген.

“ДМЧАлардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жакшыртылгандыгын белгилей кетүү керек. Эми ДМЧАлар санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду өз алдынча сатып алууга каражат алышып, дарылоочу дарыгер дайындаган жерге барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”,- деп айтылат билдирүүдө.

Министрликке караштуу Реабилитациялоо борборунан реабилитациялоо курсунан 272 ДМЧА өткөн, анын ичинде 23 ДМЧ балдар. Ошондой эле, аталган борбордон 42 ДМЧА компьютердик билим, тигүү жана бычуу курстарынан өткөн.  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: