Menu

Садыр Жапаров: “Тышкы карыздан кутулуу үчүн Нарындагы Жетим-Тоо берилет” деген ушак сөз”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а. Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө “Сиз өткөндө түштүк жергесине барып кен байлыктар боюнча жеринде таанышып жүрүп “биз тышкы карыздарды өзүбүздүн ресурстар менен т.а. кен байлыктар менен төлөсөк болот экен” деген сөздү айттыңыз. Мындан кийин эле соцтармактарда “Садыр Жапаров тышкы карызды төлөө үчүн Нарындагы Жетим-Тоону берген жатыптыр” деген кеп тарап жатат. Шайлоодон жеңип президент болуп калсаңыз тышкы карызды төлөө үчүн Жетим-Тоону сырттан келген жарандарга же болбосо инвесторлорго бересизби же бербейсизби? Эртеңки күнү Жетим-Тоонун тагдыры Кумтөрдүкүндөй болуп калбайбы” – деген суроо узатылды.

“Жетим-Тоонун 1% эмес, бир да Ккал куму да берилбейт, өзүбүз иштетебиз. Жетим-Тоо мененби же башка ресурстарыбыз менен Кытайдын карызынан кутулуу жолунан издеп жатабыз. Чечилбеген маселе жок, аны дагы чечебиз. Жетим-Тоону берет деген ушак сөз” – деп билдирди Садыр Жапаров.

“Кумтөрдү жакшы эстетип кеттиңиз. Мындан 8 жыл мурда Кумтөрдү алалы дегенде, каршы чыгышып, бир эмес эки жолу камады. Эми 8 жыл өткөндөн кийин “Каап, ошондо Садыр Жапаров туура айтыптыр. Ошондо алып койсок, быйыл мамлекетке 15-16 миллиард доллар киреше алып келмек экен” деп жатышат. Ошондуктан, Кумтөрдүн катасын Жетим-Тоо болобу, же башка кен байлык болобу кайталабашыбыз керек” – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: