Menu

Садыр Жапаров: “Эгерде менин укугум болсо, Алмаз Атамбаевди эртең үй камагына чыгарып коёт элем”

Бөлүшүү:

“Эгерде менин укугум болсо, Алмаз Атамбаевди эртең үй камагына чыгарып коёт элем” – деп билдирди бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а. Садыр Жапаров пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Жапаровдун айтымында, мындай учурда бардыгы бийликти узурпациялап, диктатура орнотуп жатат деп айтышат.

«Ал Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча камалбадыбы беле, Кой-Таш окуясы боюнча да кылмы иши бар экен. Мен өз оюмду айткам: колдон келсе үй камагына чыгарып койсок, анан сотко барса деген оюмду айткам. Бирок мен прокурорлорго же сотторго тапшырма бере албайм», – деди ал.

«Октябрь окуясында кармалгандардын бардыгы бошотулду. Ошол эле Курсан Асанов үй камагына чыгарылды, жаш балдар дагы бошотулду. Мен баарына: эч кимди кармоонун кажети жок, саясий куугунтукка барбайлы, түрмөлөрдү толтуурунун эч пайдасы жок, андан көрө экономика тармагы боюнча иш алып баралы деп айтам. Адамдарды абакка отургузуу менен биз эч нерсеге жетише албайбыз. Ошондуктан билдирүүлөр үчүн куугунтук болбойт ”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: